Кыргызстандын төрт шаарында «Коопсуз шаардын» камералары пайда болду

Кыргызстандын төрт шаарында «Коопсуз шаардын» камералары пайда болду.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кеп, Бишкек, Ош, Токмок жана

Кант шаарлары тууралуу болуп жатат. Калаалардагы көчөлөрдөгү «Г» түрүндөгү

34 түркүккө үчтөн камера орнотулду. Алар эреже бузулганын каттап, фотофиксация жасайт.

Жабдуулар Бишкектин 16 көчө кесилишинде, Оштун 11, Токмоктун алты жана

Канттын бир көчө кесилишинде күнү-түнү иштеп жатат.