Бишкектин тойканалары санитардык нормалардын сакталышына текшерилет

Бишкектин тойканалары санитардык нормалардын сакталышына текшерилет. Мындай чечим ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу менен ресторан бизнесинин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынды.

 

Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп жатканына карабай, ресторан ээлеринин банктардагы кредиттерин эске алуу менен мэрия аларга жардам берүүнү чечти.

 

Бирок алар өз кезегинде бардык санитардык эрежелерди сактоого милдеттендирилет. Банкет залдарында 10 күн сайын текшерүү жүргүзүлөт. Бул үчүн атайын комиссия түзүлдү.