Кыргызстанда балага күбөлүк алуу эрежеси убактылуу өзгөрдү. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 22-марттан 22-апрелге чейинки аралыкта төрөлгөн балдарга документти кийинчерээк, айып төлөбөстөн жаздырып алса болот.
Мындай чара коронавирусту жайылтпоо, тейлөө борборлоруна элди топтобоо максатында кабыл алынды.
Эреже боюнча, ата-эне күбөлүктү бала төрөлгөндөн кийинки бир ай убакыт ичинде алышы зарыл. Эгер бул мөөнөт сакталбаса, 1 миң сом айып төлөшү керек.