Кыргызстанда азык-түлүк жана дары-дармек жетиштүү

Кыргызстанда азык-түлүк жана дары-дармек жетиштүү. Тынчсызданууга негиз жок, — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Өкмөт башчы белгилегендей, чек аралар ачык, жүк жана товар адаттагыдай тартипте ташылууда.

 

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү чечими кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат. Жакынкы күндөрү өкмөт бизнес коомчулук жана ыктыярчылар менен бирге муктаждарга даректүү жардам берүү боюнча масштабдуу иштерди жайылта баштайт.