Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү

Баткендин символу болгон дүйнөдө сейрек кездешүүчү гүлдөрдүн катарына кирген Айгүл гүлү гүл ачты. Бул тууралуу социалдык тармактагы «Баткен деми» аттуу баракча гүлдүн сүрөттөрүн жарыялап, колдонуучуларды кабардар кылды.

«Өзгөчө Айгүл гүлү гүлдөп баштады. Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып анын гүлдөө мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Анын дагы бир айырмачылыгы боюнун бийиктиги 1-1,5 метрге чейин өсөт жана тоонун күңгөй эмес, тескей капталында өсөт«, — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Айгүл гүлү Аксы районунун Кызыл-Жар айылында гүл ачканы маалымдалган.