Бишкек мэриясы калаа тургундарын жаңы сейил бакка дарак тигүүгө чакырат

Бишкек мэриясы калаа тургундарын жаңы сейил бакка дарак тигүүгө чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы сейил бак шаардын түштүк тарабында жайгашкан.

Каалоочулар жашыл акцияга катышса болот. Бул үчүн жарандар “Шаар сейил бактары” ишканасына кайрылышы керек.

Белгилеп кетсек, эс алуу багынын жалпы аянты 10,5 гектарды түзөт. Буга чейин ал жер ижарада болуп келген.

Мэриянын жер ресурстары, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ал жерди мыйзамдуу түрдө шаардын балансына кайтарды.