Мектеп жана окуу жайлар үчүн китептер басылып чыкты

Мектеп жана окуу жайлар үчүн китептер басылып чыкты.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча

улуттук программанын алкагында китептер 18 аталышта жарык көрдү.

Басылмалар 8 миң 409 нускада чыгарылды. Анын 7өө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген

балдар үчүн, бирөө мектепке ылайык жана калган 10у орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталат.

Китептер тиешелүү окуу жайларга бөлүштүрүлөт жана аймактарга жеткирилет.