Ош шаарынын айланасындагы санитардык-карантиндик посттордо жарандарды текшерүү күчөтүлдү

Ош шаарынын айланасындагы санитардык-карантиндик посттордо жарандарды текшерүү күчөтүлдү. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, өткөрүү түйүндөрдө шаарга кирип бара жаткандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми беткап режимин бузгандарга карата административдик чара көрүлүүдө.