Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 136 жана 138-чакырым аралыктарын сел суулары каптады. Учурда трасса бир тараптуу гана ачык.
Жолду кум-шагылдан тазалоо иштери уланууда.
Кырдаал түнкү саат 9га жакын жөнгө салынат деп күтүлүп жатат.
Ага карабай айдоочуларга аталган тарапка жолго чыкпай туруу сунушталат.