Бишкек – Ош жолунда кышкы дөңгөлөк менен жабдылбаган унааларга жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Бүгүн, 15-октябрдан тарта Бишкек – Ош жолунда кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган автобустар, кичи автобустар, ошондой эле минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды.

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдайт.

Тактап айтсак, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо максатында 2022-жылдын 15-октябрынан 2023-жылдын 1-майына чейин Бишкек – Ош автожолу боюнча жүргүнчүлөрдү бардык дөңгөлөктүү механизми бар автобустардан тышкары автобустар, кичи автобустар менен ташууга тыюу салынат.

«Чүй облусунун Жайыл районунун Сосоновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо жүргүнчүлөрдү бардык дөңгөлөктүү механизми бар автобустардан тышкары автобустар, кичи автобустар жана кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган минивэндер менен ташуу фактыларынын алдын алуу иштери күчөтүлөт», — деп белгилешти ведомстводон.

Буга байланыштуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган унаалардын айдоочуларын Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыгуудан алыс болууга чакырат.

«Жол эрежелерин так сактаңыз, ашуулардан түшүүдө жана көтөрүлүүдө өзгөчө этият болуңуз», — деп айтылат маалыматта.