Кыргыз-казак дипмамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Бүгүн, 15-октябрда кыргыз-казак мамилелери үчүн маанилүү дата – Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленет.

ТИМден билдиришкендей, бул юбилейлик датага карата Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өз ара куттуктоо каттары менен алмашты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун жакшы координацияланган жана конструктивдүү иши өз ара кызыгууну жараткан бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары кеңейишине жана динамикалуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним артканы маалымдалат.

Өз куттуктоосунда Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди белгилегендей, отуз жылдын ичинде Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу кызматташууда, ошондой эле аймактык жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүдө олуттуу натыйжаларга жетишти.