Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 17-октябрдан 20-октябрга чейин газ болбойт.

Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү келе жаткан күз-кыш жылытуу мезгилине даярдануу максатында Бишкек шаарынын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Чүй, Ибраимов, Москва, К.Акиев; Жибек Жолу, Суюмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков; Элебаев, Байтик Баатыр, Кулатов, Лев Толстой көчөлөрү; «Жыргал» мончосу кесилишкен аймакта жаратылыш газы өчүрүлөт.