Нарында селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кечээ Теңир-Тоодо сел жүрүп, 58 турак жайды, чарбалык курулуштарды суу каптаган.
Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Кочкор районундагы Сары-Булак-Арчалы унаа жолунда сел жүрүп, унаа каттамга ыңгайсыздык жаралган.
Жерине куткаруучулар жана техника тартылып селдин кесепеттери жоюлду.
Каттам бир тараптуу ачык.