Бишкектин балдар ооруканасында чыккан жанжал фактысы боюнча атайын комиссия түзүлдү

Бишкектин балдар ооруканасында чыккан жанжал фактысы боюнча атайын комиссия түзүлдү. Ага Саламаттыкты сактоо, медицина кызматкерлеринин профсоюзунун өкүлдөрү кирди. Жумушчу топ дарыгер менен бейтаптын ортосундагы чатакка объективдуу баа берет.

 

Эске салсак, кечээ 3-балдар ооруканасында п едиатр менен жаш эненин ортосунда уруш чыкты. Интернетке тараган видеодо аял дарыгерди түртүп жатканын көрсө болот. Буга медицина кызматкеринин баланы ооруканага жаткыруудан баш тартканы себеп болгону айтылууда.