Нарында жана Баткенде жер титиреди

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу 24-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

 

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 23-апрелде саат 14:37де Нарын районунун Достук айылында үч балл, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа айылдарында 2,5 балл, Куланак, Ак-Жар, Ылайлы-Суу, Шоро айылдарында эки баллга чейин сезилген.

 

24-апрелде саат 01:44тө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Коргон, Өтүкчү, Сары-Өтөк айылдарында 2,5 балл, Совет айылында эки балл болуп сезилди.

Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.