Кесиптик орто окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 13-июлда башталат.
Кабыл алуу үчүн «СПУЗ-онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты.
Окууга кабыл алуунун 1-туру 13-июлдан 31-июлга чейин уланат. Ал эми 2-тур 1-августтан
20-августка чейин жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, быйыл окуу жайларга
тапшыруу онлайн форматында өтөт.