Орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей,
орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун 1-туру 13-июлдан 31ине чейин өтөт.
3-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. Ал эми
2-тур 1-августтан 20сына дейре жүргүзүлөт. Бул аралыкта документтер кабыл алынат.
22-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет.