Бишкекте мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, педагогдор, ректорлор жана билим берүүнүн кызматкерлери катышууда.

Быйылкы август конференциясы “Мезгил чакырыгы — жаңы мүмкүнчүлүктөр!” девизи алдында өтүүдө.

Конференцияда сөз сүйлөгөн билим берүү министри мектептерде болуп жаткан жана боло турган өзгөрүүлөр жаңы заманбап жетекчиликти талап кыларын билдирди.

«Ошондуктан директорлордун корпусу жаңыланып жатат.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, биздин өлкөдө билим берүү тармагында мугалимдерди гана эмес, менеджерлерди да даярдоо зарыл”, — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Белгилеп кетсек, август конференциясы мугалимдер үчүн окуу жылынын алдындагы негизги иш-чара болуп саналат.