Бишкекте 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке барып окуп баштайт

Бишкекте 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке барып окуп баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артём Новиков билдирди. Ал белгилегендей, Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтери тиешелүү даярдыктарды көрүшү керек.

 

Андан тышкары, “Мектеп медицинасы” программасы ишке кирип, ар бир окуучуга ден-соолугунун абалын каттаган карта ачылат. Сентябрга чейин окуучуларга бирдиктүү форма талабы коюлбайт, — деди Новиков.

 

Эске салсак, учурда Бишкектин мектептеринде 1-5-9-11-класстардын окуучулары гана кадимки форматта окуп жатат.