Бишкек мектептери 18-январдан тарта салттуу окуу форматына кайтып баштайт

Бишкек мектептери 18-январдан тарта салттуу окуу форматына кайтып баштайт. Мэриянын маалыматына ылайык, оффлайн режиминде 1-5-9-11-класстын окуучулары окуйт.

 

Сабактар 2 смена менен өтүп, балдар парталарга шахмат тартибинде отургузулат. Мындай форматтагы билим берүү февралга чейин уланып, андан кийин эпидемиологдор кайрадан шаардагы абалды анализдейт.

 

Ал эми бала бакчалар тууралуу айта турган болсок, алар бөбөктөрдү 20-январдан тарта кабыл алса болот.