Бишкектин 53 миң тургуну шайлоого катыша албайт

Бишкектин 53 миң тургуну шайлоого катыша албайт. Алар биометрикалык маалыматын тапшырган эмес. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Өлкөдө 344 миң жаран биометрикалык каттоодон өтпөсө, Бишкекте бул көрсөткүч 11,5 пайызды түзөт.

 

Учурда ордо калаада 1 миллион 53 миң  915 жаран жашайт, алардын ичинен 416 миң  749 адам шайлоочулардын тизмесине кирген.

 

Ушул тапта ордо калаанын аймагында 228 шайлоо участкасы жана бир шайлоо округу түзүлдү. Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн 27 саясий партия арыз тапшырды.