Кыргызстанга Минск шаарынан дагы 164 жаран жеткирилди

Кыргызстанга Минск шаарынан дагы 164 жаран жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мекенине кайтуу үчүн Беларусияда Австрия, Бельгия, Улуу Британия, Германия, Греция, Италия, Литва, Франция жана башка мамлекеттерден кыргызстандыктар чогулган.

 

Алар үчүн Минск-Бишкек чартердик каттамы уюштурулган. Чет мамлекеттерде калып калган мекендештерди жеткирүү уланууда.