Март айынын алты күнүндө Бишкекте 2 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Март айынын алты күнүндө Бишкекте 2 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бузуулардын 58и спирт ичимдиктерин ичип рулга отурууга байланыштуу болсо, 44ү айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандар болгон.

 

Жалпысынан, 366 унаа айып токтотмого жеткирилсе, анын 177син эвакуатор алып кеткен.