Японияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди


Японияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал дарыгерлердин  көзөмөлүнө алынды. Ал 14 күн обсервацияда болот.

 

Анализдери текшерилип жатат. Япониянын жээгине келген саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Андагы кыргызстандык  Аскердик госпиталда байкоого жактырылган. Бир нече жолу анализдери коронавируска текшерилип, таза чыккан.