Бишкек мэриясы 1-июнь, Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, тизмеде ар кандай көргөзмөлөр жана концерттер бар.
Программа менен кененирээк мэриянын сайтында таанышса болот. Эске салсак, 5 миңдей бала Бишкекте шаар жетекчилигинен материалдык жардам алышат.
Анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетимдер жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн балдар бар.