Ат-Башы районунун борбордук аянты калыбына келтирилет

Ат-Башы районунун борбордук аянты калыбына келтирилет.

Учурда жаңылоо иштеринин биринчи бөлүгү аяктап, таш таман төшөлүп,

отургучтар орнотулуп, кире бериши жарыктандырылды.

Реконструкциялоо иштеринин бир бөлүгүн жеке ишкер мойнуна алып,

350 миң сом берген. Райондун акими Нурбек Сатаров билдиргендей,

борбордук аянттын калган бөлүгү башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен

күзүндө толугу менен бүткөрүлөт. Иштер райондун 90 жылдыгына карата аткарылууда.