Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Ак-Өлөң айылында бала бакча курулат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Ак-Өлөң айылында бала бакча курулат. Тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 орунга чакталат.

 

Бакчаны курууга дээрлик 59 миллион сом багытталат. Каражат Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнөт.