Бишкекте бүгүн азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, дүн баадагы азыктар сатылчу аймак ушул мүнөттөрдө ордо калаанын Киев-Раззаков көчөлөр кесилишинде ачылды.
Ал жерден жарандар эт, сүт азыктары жана жашылча-жемиштерди арзандатылган баада ала алат.