Бишкектиктер мартта жылуулук үчүн 6 күнгө акы төлөбөйт

Бишкектиктер мартта канча күнгө акы төлөй турганы белгилүү болду.

«Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынан билдиришкендей,

абанын температурасы климаттык нормадан жогору болгонуна байланыштуу

март айындагы жылуулук үчүн төлөм макулдашылгандан аз болот.

Маалыматка караганда, 1-марттан 18ине чейин жана 25-марттан 31ине

чейинки аралыкта төлөм чегерилет. Жалпысынан 25 суткага эсептөө жүрөт.

Буга чейин Бишкекте 6 суткага жылуулук өчүрүлгөн. Бирок абанын

температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу кайрадан жылуулук бериле баштаган.