Кытай Кыргызстанга 18 мамлекеттик стипендия бөлдү

Кытай 2021-2022-окуу жылында Кыргызстандын жарандары үчүн 18 мамлекеттик стипендия бөлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 21-январда билдирди.

 

Маалыматка караганда, Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тилин такшалтып окуу боюнча сынак жарыяланды. Мамлекеттик 18 стипендия ушул багыттар боюнча берилет.

 

Иш-аракет Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү министрликтеринин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде жүргүзүлүп жатат.

 

Программага катышууну каалаган жарандар ушул шилтемеде көрсөтүлгөн документтерди тапшырса болот.

 

Министрликтин билдирүүсүндө, стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын-ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт. Ал үчүн ЖОЖдордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкчылыгы бар тараптардын өкүлдөрү кирген уюштуруу комиссиясы түзүлөрү айтылды.