Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат. Бул тууралуу “Кыргызтемир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков билдирди.  Анын айтымында, тараптар бардык келишимдерге жетишти,  долбоорго жалпысынан 4,5 миллиард доллар керектелет.

 

Аны ишке ашырууга Россия жана Өзбекстан колдоо көрсөтөт. Темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым.