Синоптиктер туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн эскертет

Синоптиктер туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн эскертет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 31-июль жана 1-августта

өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Абанын табы кескин төмөндөйт.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.

Мындай аба-ырайы унаа, байланыш, нергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.