Ноябрда аба-ырайы кандай болору айтылды.
Кыргызгидрометтин күздүн акыркы айына карата божомолу боюнча,
республиканын түндүгүндө эң жылуу күндөрү термометр мамычалары
+18 градусту көрсөтсө, түнкүсүн +1ден 4кө чейин жогорулайт.
Ал эми өлкөнүн түштүгүндө күндүз абанын табы +3төн 19га чейин жогорулап,
түнкүсүн, -3төн +2ге чейин жетет. Жаан-чачындын көлөмү нормасынан ашышы ыктымал.