Быйыл ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 750 долларды түздү.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, акчаны эртең, 27-февралдан тарта 4-мартка чейин төлөө зарыл.
Буга чейин зыяратчылар 2 миң доллар төлөсө, эми калган 1 миң 750 долларды төлөшү керек. Эске салсак, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлгөн.