Бишкекте эки коомдук унаанын каттамы өзгөртүлдү.
Мэриянын маалыматына караганда, №166-маршруттук
такси мындан ары мурдагыдай Чүй проспекти менен түз кетпей,
Султан Ибраимов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чыгат. Ал эми Чүй
проспектине кайрадан Тыныстанов аркылуу түшөт. Ошондой эле
№12-автобустун линиясы дагы Беш-Күнгөй айылына чейин узартылды.