Мамлекеттик салык кызматы жүк ташуучу унаалардагы навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча жумушчу долбоорду узартты

Мамлекеттик салык кызматы жүк ташуучу унаалардагы навигациялык

пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча жумушчу долбоорду узартты.

Ведомстводон билдиришкендей, товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга

импорттоо үчүн пломба керек. Түзүм товар жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун

тастыктоого жана көздөгөн жерге жеткирилишин көзөмөлдөөнү камсыз

кылууга шарт түзөт. Долбоор 15-февралга чейин күчүндө болот.