Бишкекте күндүзгү стационарлар ачылбайт.
Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирет.
Анын айтымында, чет өлкөлүк эпидемиолог жана адистердин кеп-кеңеши аркылуу
стационарларда вирусту кайрадан жуктурууну алдын-алуу максатында
ушундай жыйынтык чыгарылды. Ага катар көчмө бригадалардын саны көбөйтүлдү.
Учурда 20 топ иштеп жатат, — деп кошумчалады Чыныбаева.