Кыргызстандан 25 миллион сомдук уюлдук телефондорду мыйзамсыз түрдө чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 25 миллион сомдук уюлдук телефондорду

мыйзамсыз түрдө чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,

аталган бекеттен өтүүгө аракет кылган унааны текшергенде телефондор табылды.

Анда iPhone, кулакчын, Samsung, Redmi, Xiaomi үлгүсүндөгү смартфондор болгон.

Катталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып,

тергөө иштери жүрүп жатат.