Бүгүн, 1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт

Бүгүн, 1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, жеңилдиктер 31-августка чейин күчүндө болот жана алар кумшекер, өсүмдүк майына, мал жандыктарына тиешелүү.

 

Белгилеп кетсек, мындай чаралар азык-түлүк бааларын турукташтыруу жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.