Бишкекте өлкөнүн башкы балатысы орнотулуп баштады. Мэрия маалыматына ылайык, учурда “Тазалыктын” кызматкерлери Ала-Тоо аянтында балатынын темир каркасын коюп жатат.
Жаңы жылдын башкы символу быйыл адаттагыдан айырмаланып, фонтандын ичине орнотулат.
Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метрди түзөт. Каркаска 1 миң 400дөн ашык бутак тагылат. Балатынын оту декабрдын ортосунда жандырылат.