Бишкек – Исфана – Бишкек аба каттамы жанданды.
“Манас” аба майданынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып аба жолдору
жумасына бир ирет, дүйшөмбү күнү аткарылат. Учак Бишкектен Исфанага чейин
1 саат 15 мүнөттө жетет. Эске салсак, “Исфана” аба майданынын учуп-конуу
тилкеси оңдоодон өттү, учактар токтогон жер кеңейтилди.
Жаңыланган аэровокзал былтыр декабрда ачылды