Сузак районунда жаңы мектептин курулушу башталды

Сузак районунда жаңы мектептин курулушу башталды.

 

Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Таран-Базар айылында пайда болот.

 

Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 200 окуучуга чакталат. Долбоорду ишке ашырууга 56 миллион сом жумшалат. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Курулуш иштери кийинки жылдын сентябрында аяктайт деп пландалууда.