Түндө 163 киши коменданттык сааттын эрежесин бузуп кармалды

Жумага караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген аймактарында коменданттык саатты 163 киши бузуп, тогуз автоунаа айып короого киргизилди. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

 

Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими ушул тапта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда иштеп жатат. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

«Тартип бузуп кармалгандардын 143ү Бишкектен болсо, Ош шаарында 10, Жалал-Абадда жети, Ат-Башы районунда үч киши эреже бузуп колго түшүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Тартип бузуп кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилип, эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта, коменданттык саат эрежесин бузган 4733 киши кармалган.