15-февралдан тарта 1-класска электрондук кезек менен кабыл алуу башталат

15-февралдан тарта 1-класска электрондук кезек менен кабыл алуу башталат. Быйыл система дагы 5 шаарда жеткиликтүү болот – Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмокто. Баланы каттоо үчүн ата-энелерге туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту, жашаган жеринен маалымкат керектелет.

 

Документтер даана көрүнүш үчүн аларды сканерлөөдөн өткөрүү керек. Каттоодон өткөндөн кийин электрондук почтаны улам текшерип туруу сунушталат.