Бишкекте милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Ч.А. пара алууга шектелип кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Белгиленгендей, кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында кармалган.

 

Ал жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Кармалган кызматкер 25-августта УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.