Мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражатка жараксыз вакцина сатып алынганы аныкталды

Мамлекеттик бюджеттен миллиондогон каражатка жараксыз вакцина сатып алынганы аныкталды.

 

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2020-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдары жеке компаниядан сасык тумоого каршы вакцинаны 135 миллион сомго жана пневмококк бактериясына каршы вакцинаны 44 миллион сомго сатып алган.

 

Кийин белгилүү болгондой, препараттар тиешелүү талаптарга жооп бербейт. Жыйынтыгында жарым миллион дозадан ашык вакцина жараксыз деп табылды.

 

Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүүдө.