Кочкордо көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Нарын облусунда Кочкор-Кара-Тоо айылдарын бириктирип турган көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө Башкы прокуратурадан кабарлашты.

 

Маалыматына ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кочкор-Коммунизм автожолунун 1-500 чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

 

Анда бюджеттик каражаттар мыйзамсыз жеке курулуш ишканасына алдын ала которулуп берилип, ал эми жеке курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери аткарылбай, мамлекетке 5 миллион 728 миң 133 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

 

Аталган факты боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу ишкананын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.