Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Түштүк Парк» турак жай комплексинин керектөөчүлөрүнүн шаардык газ тармагына кошулганына байланыштуу 29-августтан 2-сентябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.
Коопсуздукту камсыздоо максатында иш орто басымдагы газ түтүгүн өчүрүү менен жүргүзүлөт.
Жаратылыш газы өчүрүлө турган аймактардын тизмеси:
Малдыбаев (Ала-Арча дарыясы), Д.Садырбаев, И.Ахунбаев, Магистраль көчөлөрү менен чектелген. Балдар айылы, Орусия Федерациясынын элчисинин резиденциясы, Жал-29, Жал-30 кичи райондору, Кыргызстан-1, Ынтымак жаңы конуштары.
«Газпром Кыргызстан» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.