Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун курулушу эпидемиологиялык абалдан улам кечиктирилип жатат

Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун курулушу эпидемиологиялык абалдан улам кечиктирилип жатат. Унаа жана жолдор министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу Кытайдан келчү тиешелүү адистердин жоктугунан долбоордун мөөнөтү кечигип жатканын ырастады.

 

Ведомство жетекчиси Жанат Бейшеновдун айтымында, жолдун курулушу быйыл аяктайт.

 

Белгилеп кетсек, Бишкек – Кара-Балта жолун кайра калыбына келтирүү 2017-жылы башталган.