Бишкекте веложарыш өтөт

Бишкекте 4-апрелде быйылкы велосезондун расмий ачылышына арналган веложүрүш болот. Бул тууралуу уюштуруучулар Facebook баракчасына жазды.

Катышуучулар саат 10:00дө Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында чогулушат.

 

Веложүрүш саат 11:30да башталып, Чүй — Манас — Бөкөнбаев — Байтик баатыр — Түштүк дарбаза багыты боюнча өтөт. Болжолдуу түрдө 12:30да турнирдин расмий бөлүгү жыйынтыкталат. Андан кийин каалоочулар Орто-Сай айылына пикникке барса болот.

Уюштуруучулар белгилегендей, катышуучулар шлем кийип, жол кыймылынын эрежелерин сактап, жол инспекторлорунун талаптарын аткарышы керек.